Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын21-майы №72
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында Жобону ѳзгѳртүүнүн негизинде бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында Жобону ѳзгѳртүүнүн негизинде бекитүү жѳнүндѳ жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө №54 Жарлыгын аткарууда Ак-Терек айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды, той-аш, маркумду узатуу иш-чараларын жѳнгѳ салуу максатында Жобо ѳзгѳртүүнүн негизинде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын
реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов