Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №73
2025-жылдын 1-январына карата Ак-Терек айыл аймагынын атайын эсебинде калган акча каражатын кароо жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата атайын каражатында калган 234,5 миӊ сом акча каражатын бѳлүштүрүлүшү жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айылындагы №9-бала бакчага таза суу киргизүүгө материалдарга 37,9 миң сом, бала бакчасын короосуна балдар ойноочу беседка салууга материал алууга 82,9 миӊ сом, баардыгы 120,8 миӊ сом бала бакчалардын 2222 беренесине каралсын.
2. Бала бакчалардын тамак ашына 2218 беренесине 113,7 миӊ сом акча каражаты каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов