Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №74
2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аппаратынын келишим менен иштеген жарандардын жана аксакалдар сотторунун эмгек акысына жана соц фондуга которуусуна 2215 беренесине каралган акча каражатынан 573,0 миӊ сом акча каражаты «Ак-Эмгек Тазалык» муниципалдык ишканасына субсидии катары которуп берип турууга ЖКХнын 2511 беренесине жылдырылсын.
2. Келишим менен иштеген жарандардын жана аксакалдар сотторунун эмгек акысын жана соц.фондуга которуусун 2025-жылдын июнь айынан баштап «Ак-Эмгек Тазалык» муниципалдык ишканасы жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов