Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №75
Ысык-Көл облусунун ѳнүктүрүү фондунан Бар-Булак ФАПнын долбоорлук сметалык документтерине акча каражатын суроо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевдин сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы Бар-Булак, айылындагы жаңы салына турган ФАПтын долбоордук сметалык документтерин даярдоого Ысык-Көл облусунун ѳнүктүрүү фондусунан 250,0 миң сом акча каражатын кароого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т. Ормукова тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов