Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 3-июну № 444-т
Ыйгарым укуктуу салык органы үчүн административдик имаратты курууда техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча маселелерди оперативдүү чечүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 97 тескемесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти ыйгарым укуктуу салык органы үчүн административдик имаратты курууда техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- ыйгарым укуктуу салык органы үчүн административдик имаратты курууда техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн берүүчүдөн бир булактан методу менен сатып алсын;
- ыйгарым укуктуу салык органы үчүн административдик имаратты курууда техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү административдик имаратты куруу үчүн каралган каражаттардан жүргүзсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып эки жыл ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |