Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19- чакырылышынын 4- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-майындагы №4/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Нарын “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорунун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылындагы А.Капаров атындагы орто мектебинин сырткы фасадын оңдоо жана алдына брусчатка төшөө боюнча Нарын “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун сметалык наркы 3 563 187 (үч миллион беш жүз алтымыш үч миң бир жүз сексен жети) сом анын ичинен Нарын “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 3 459 405 (үч миллион төрт жүз элүү тогуз миң төрт жүз беш) сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары архитектуралык сметалык документтерин жана көзөмөл кылуучу технодзор кызмат акысына жалпы 103 782 (бир жүз үч миң жети жүз сексен эки ) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевге, айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы М Дөөлөтбаевага тапшырылсын
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Н.Сооронбаевага милдеттендирилсин
Төрага | К. Жакыпакун уулу |