Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19- чакырылышынын 4- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-майындагы №4/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Нарын “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорунун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Калинин, Кара-Суу, Терек-Суу айылдарынын таза суу берүүчү имараттарын оңдоо жана суу тазалоочу бактерициддерди орнотуу боюнча Нарын “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун сметалык наркы 3 803 085 (үч миллион сегиз жүз үч миң сексен беш) сом анын ичинен Нарын “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан 3 639 061 (үч миллион алты жүз отуз тогуз миң алтымыш бир) сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары архитектуралык сметалык документтерин жана көзөмөл кылуучу технодзор кызмат акысына жалпы164 024 (бир жүз алтымыш төрт миң жыйырма төрт) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевге, айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы М Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Н.Сооронбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |