Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19- чакырылышынын 4- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-майындагы №4/3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн үлүштүк дем берүүчү грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасын ремонттоо боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоордун сметалык наркы 3 593 389 (үч миллион беш жүз токсон үч миң үч жүз сексен тогуз) сом анын ичинен үлүштүк дем берүүчү гранттан 2 874 689 (эки миллион сегиз жүз жетимиш төрт миң алты жүз сексен тогуз) сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 718 700 (жети жүз он сегиз миң жети жүз) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевге, айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы М Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Н.Сооронбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |