Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19- чакырылышынын 4- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-майындагы №4/5
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн үлүштүк дем берүүчү грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылынын Адыраңов атындагы орто мектептин капиталдык ремонту боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоордун сметалык наркы 8 587 158 (сегиз миллион беш жүз сексен жети миң бир жүз элүү сегиз) сом анын ичинен үлүштүк дем берүүчү гранттан 4 000 000 (төрт миллион) сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 4 587 158 (төрт миллион беш жүз сексен жети миң бир жүз элүү сегиз) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевге, айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы М Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Н.Сооронбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |