Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19- чакырылышынын 4- кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-майындагы №4/6
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн үлүштүк дем берүүчү грантка жазылган долбоорунун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылына жаңы темир тосмо орнотуу боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоордун сметалык наркы 5 075 937 (беш миллион жетимиш беш миң тогуз жүз отуз жети) сом анын ичинен үлүштүк дем берүүчү гранттан 2 999 900 (эки миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз) сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 2 076 037 (эки миллион жетимиш алты миң отуз жети) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Аалиевге, айыл өкмөтүнүн финансылык экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүм башчысы М Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Н.Сооронбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |