Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин I –чакырылышынын
III -кезектеги сессиясы
2025-жылдын 21-майы № 19
Май айылынын наамын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025–жылдын 25 мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө” № 149 токтомун жетекчиликке алып, Кыргызстан айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Май айылы генерал –майор Анарбек Шамкеев атындагы айылы болуп өзгөртүлсүн.
2. Манас райондук архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан тиешелүү документтер берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Н.Качкымбаева |