Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №77
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы “Кампа” жана Пилораманы “Алагѳз-Каба” кооперативин Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүп берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Коо айылына караштуу Ѳмүралиев атындагы кѳчѳсүндѳгү иден.код 0797 жана Мамакеев кѳчѳсүндѳгү № 0823 иден.код жайгашкан “Кампа” жана Пилораманы “Алагѳз-Каба” кооперативинин жетекчиси А.Ж. Алюлдаев ѳз ыктыяры менен кайтарып берип жаткандыктан Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов