Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2025-жылынын 29-майы №1
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 13.02.2025-ж. кезектеги V сессиясынын №1-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ»
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.05.2025-жылдагы чыг.№01-18/2895 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2025-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн каражаттарын шаардын бөлөк муктаждыктарына жылдыруу (өзгөртүү) №2-тиркемеге (бюджеттик каражаттар), №2а-тиркемеге (атайын төлөм каражаттар) ылыйык бекитилсин.
3. Атайын эсептен каржыланган “Жалал-Абад Тазалык” мекемесинин кошумча жаңы штаттык бирдиктери №3-тиркемеге ылайык бекитилсин жана төлөө жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков жана Ж.Абдурахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланпаны (болжол–автобекет) реконструкциялоого, жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө бөлүнө турган акча каражатын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде, аткаруучу мекемеге жылдыруу жагын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага Турдубеков О.Т.