Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 37
Баткен шаарында өзгөчө кырдаалдын алдын алуу иштеринин
абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 21-бөлүгүнө жана Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жылга бекитилген иш-планына жана Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарында өзгөчө кылдаалдын алдын алуу иштери боюнча Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылдын 1-кварталында аткарган иштеринин маалыматы көңүлгө алынсын. (маалыматы тиркелет)
2. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
Мыйзамдуулук, укук коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Гайыпова Б/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vсессиясынын №37 токтомунун
№1 тиркемеси
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планына Баткен шаарынын аймагынан 4 объект киргизилген:
1. Чет-Булак кварталындагы сел өтүүчү сайдын 1000метр аралыгын механикалык тазалоо жумуштары аткарылды.
2. Келечеккварталындагы сел өтүүчү сайдын 400метр аралыгын механикалык тазалоо жумуштары аткарылды.
3. Кызыл-Жол кварталындагы сел өтүүчү сайдын 1000метр аралыгын механикалык тазалоо жумуштары аткарылды.
4. Базар-Башы кварталындагы сел өтүүчү сайдын 400метр аралыгын механикалык тазалоо жумуштары бүгүнкү күндө жүрүп жатат.
5. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан Кызыл-Жол кварталында жайгашкан сел аранын 500 метр аралыгы механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлдү.
6. Чет-Булак кварталындагы сел аранын жээгине жээк эрозиясын алдын алуу максатында саксаул көчөтүнүн уругу 3км аралыгына Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан эгилди.
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү даярдык планы боюнча.
• 1 Команда штабдык машыгуу,
• 2 Штабдык машыктыруу,
Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан шаардын аймагында жайгашкан орто мектептерде окуучулага суу коопсуздугунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлгөн жана 2025-жылдын жайкы эс алуу мезгилине карата Баткен шаарынын аймагында жайгашкан суу объектилериндеги жарандардын коопсуздугунун алдын алуу жана камсыз кылуу максатында, сууга түшүүгө уруксат берилбеген объектилерде ”сууга түшүүгө болбойт” деген табличкалар орнотулган.
КР Министирлер Кабинентинин төрагасынын 2024-жылдын 27-августундагы чыгыш № 509-Т сандуу “ Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” максатында тескемесин аткарууга алып, шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына жана АТО башчыларына жеткирилген.
Аталган тескеменин 5-бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылган чечимдери боюнча:
• жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты жана кооптуу аймактарды калкка ыкчам жеткирүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына, мекеме ишканлардын жетекчилерине электрондук даректери жана байланыш каражаттары аркылуу жеткирилет. Ошондой эле АТО башчылар аркылуу ар бир аймактарда түзүлгөн вотсап группаларына аба ырайы боюнча шашылыш билдирүүлөр жеткирилүүдө.
· сел жүрүүчү сайлардан алынып жаткан кум шагалдарга жана Чет-Булак кварталынын аймагына салынып жаткан орто мектептин имаратынын канализациясынын турбасы сел аранын үстүнөн алып өткөн, турбаны кармап турган турбадан жасалган тирегичтери жакын жайгашып калган, орто мектептин канализация боюнча долбоордун гидротехникалык жумуштарын кайра карап чыгуу жагы боюнча эскертүүлөр берилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2025-жылдын январь, февраль март айларында Аба ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча узак жолго чыккан айдоочуларга кышкы дөнгөлөктөргө өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Баткен шаарынын так ортосунда жайгашкан ЛЕТ экрандан чагылдырылган.
КР өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №78 “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын аткарууга алып шаардын аймагындагы мекеме иш-каналарда, соода сатык жайларында, социалдык объектилерде жана авто май куюуучу жайларда суу көлмөлөрүн куруу жана айылдардагы таза суу линияларын өрттүк гидранттарды орнотуу боюнча мекемиш-каналардын жекетчилерине, квартал башчыларына тапшырмалар берилген. Бул маселелерди чечүү менен көптөгөн адамдардын өмүрүн жана материалдык баалуулуктарын сактоого болот.
2024-жылы 3 ай аралыгында 9 өрт кырсыгы катталып өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар 565770 сомду түзгөн жана өрт кырсыгынан салталган материалдык баалуулуктар 9 300000 сомду түзгөн.
2025-жылы 3 ай аралыгында 19 өрт кырсыгы катталып өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдар 5631610 сомду түзүп өрт кырсыгынан салталган материалдык баалуулуктар 1185000 сомду түзөт.
Үч ай ичинде мекеме иш-каналарга, билим берүү мекемелерине жана жеке турак үйлөргө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча 876 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2025-жылдынүч ай аралыгында 2 жолу өрт тактикалык машыгуулар өткөрүлүп, Анын ичинен 1 жолу базарга, 1 жолу Бала бакча, Ошондой эле өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча 4 жолу теле берүү, 3 жолу Салам радиосуна, 2 жолу Гезит журналдарга, 35 жолу интернет булактары (фейсбук) тармактарына чыгарылып турулган.
Шаардаөзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн шаардын чыгыш түштүгүнөн-түндүгүн карай аралап өткөн сел араны тазалоо, көпүрөөлөрдү сактап калуу иштерине мониторинг жүргүзүлдү жана сел аранын ичине коргоо тилкелерин орнотуу сметалары эсептелип керээрки жылдын планына киргизүү сунушу шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан берилди.
Жетекчиси: