Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 38
Баткен шаарынын аймагындагы жайыттардын 2025-жылга жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2;5 пункттарына жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-марттагы отурумунун протоколунун жана корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы жайыттардын 2025-жылга жайыт акысы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Шаар аймагындагы жайыттарга 2025-жылдын 20-майынан баштап мал айдоого макулдук берилсин.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты жана социалдык баракчасы аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Козубаев Б/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун негизинде Баткен шаарына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн мал башына акы төлөөнүн тартиби
№ | Малдын түрү | Шарттуу саны |
1 | Чоң бодо мал | 1 |
2 | Жаш бодо мал | 0,7 |
3 | Кой-эчки | 0,2 |
4 | Жылкы | 1 |
Баткен шаарында жалпы 4324,0гектарга барабар болгон жайыт жери бар анын 4324,0 гектар жеринен 500 000сом алууну пландаштырууда, башкача айтканда ар бир гектарынан 115,60 сомдон.
Малдын түрүн «Мал башынын шарттуу санына» айландыруу төмөнкү схема боюнча аныкталат.
№ | Малдын түрү | Саны | Которуу коэффициенти | ШМБ |
1 | Чонбодо мал, жаш бодо мал | 1955 | 1 | 1955 |
2 | Кой-эчки, козу-улак | 4442 | 0,2 | 4442 |
3 | Жылкы | 60 | 1 | 60 |
| жалпы |
|
|
|
Мал башынын шарттуу саны: Жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн кошулган максаттуу кирешени «Мал башына шарттуу санына» бөлүү аркылуу аныкталат.
Жайыт пайдалануу үчүн малдын түрлөрү боюнча төлөмдү кайра эсептөө жайыт пайдалануу үчүн «шарттуу малдын» мал коэффициентине көбөйтүү аркылуу төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт.
№ | Малдын түрү | Саны | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм (сом) |
1 | Чонбодо мал, жашбодо мал | 1 | 150 |
2 | Кой-эчки, козу-улак | 0,2 | 30 |
3 | Жылкы | 1 | 150 |
Жайыткомитетинетушуучуакча:
№ | Малдын туру | Саны | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм (сом) | Жалпы суммасы (мин.сом) |
1 | Чонбодо мал, жашбодо мал | 1655 | 141 | 233 355 |
2 | Кой-эчки, козу улак | 4191 | 28,2 | 118 185 |
5 | Жылкы, эшек жана топоздорго | 60 | 141 | 8 460 |
| Жайытты башка максатка пайдалануу | 16 га | 5000 | 80 000 |
| Антенна | 12ай | 5000 | 60 000 |
| Жалпы |
|
| 500 000 |
Жайыт жер салык төлөмү:
Баткен шары боюнча жайытка болгон жер салыгынын базалык ставкасы 15сомду түзөт. Шаарга 50% женилдик,ошондо 1га жайыттын жер салыгы7,5сомду түзөт.
Эсептөө 4324,0гаХ7,50сом=32430сом суммадагы жер салыгы төлөнөт.
32 430 : 3633 ШМБ = 9 сом.
№ | Малдын түрү | Шарттуу саны | 1 башка жайыт жер салыгы (сом) |
1 | Чонбодо мал, жаш бодо мал | 1 | 9 |
2 | Кой-эчки, козу улак | 0,2 | 1,80 |
3 | Жылкы | 1 | 9 |
Малдын туру боюнча жайытты пайдалануу жана жер салыгы үчүн төлөмдү каттоо жана 2021-жылга малдын түрүнө, мал башына коюулган жайыт акы
№ | Малдын түрү | 1 башка жайыт үчүн төлөм (сом) | 1 башка жайыттын жер салыгы үчүн төлөм | 1 башка жалпы төлөм (сом) |
1 | Чонбодо мал, жашбодо мал | 141 | 9 | 150 |
3 | Кой-эчки, козу-улак | 28,2 | 1,80 | 30 |
5 | Жылкы | 111 | 9 | 150 |
Жайлоого чыккан ар бир кожолуктан тутун акы – 500сомбелгиленсин
2013-жылдын 13-сентябры N 515 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө (балык чарба, балчлык, тоок багуу, мал багуу жана башка). Тушумдуулугу томон, таштак жерлерди убактылуу пайдаланууга беруу 1 соткасына 50сомдон, ал эми, шаардын жайытына караштуу короо, кашарлар жана койчу чабандар жашап жаткан турак – уйлордон 1 соткасына 50сомдон белгиленсин. Баткен шаардык ЖПБнын карамагындагы жайыттарда турган ондуруш аймактары (пром.зоналар), бак, турак жайлар жана башкалар шаардык ЖПБ менен келишим тузуп келишимдин негизинде акысын толоо.Жайыт комитеттин карамагындагы турган куураган отундарды алууга 1куб отундун баасы – 500сом болуп белгиленсин.
Баткен шаардык ЖПБнын карамагында турган токойлорду жана жапайы жаныбарларды коргоо жагы Жайыт комитетине милдеттендирилсин.