Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 39
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы “Баткен шаарынын аймагында дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатылуу убактысын белгилөө жөнүндө” №46 токтомунун 2-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна жана Баткен районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 27-мартындагы №11/69-75 “Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы “Баткен шаарынын аймагында дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатылуу убактысын белгилөө жөнүндө” №46 токтомунун 2-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө” каршылык билдирүүсүнүн жана Баткен шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, Регламент, депутаттык мандат жана этика, ысымдарды ыйгаруу жана наамдарды берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы “Баткен шаарынын аймагында дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатылуу убактысын белгилөө жөнүндө” № 46 токтомунун 2-пункту алынып салынсын.
2.Аталган токтомдун 2-пункту алынып салынгандыгы жалпыга шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтомду мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары /А.Таштановго/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |