Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 40
Баткен шаарына инвестициялык каржылоо менен “Темир -бетон” заводун курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын 18-мартындагы №01-12/1263 катынын, шаардык Кеңештин финансы, экономика, бюджет, инвестиция жана өнөр жай, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 25-мартындагы корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарына облусттук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен “Темир -бетон” заводун курууга макулдук берилсин.
2.“Темир- бетон” заводун куруу долбоорун ишке ашыруу жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтомду мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |