Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 43
Баткен шаарынын 2025-жылга бюджетинин киреше жагына түшкөн кошумча каражатты чегерүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 мыйзамынын 34-беренесине жана Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын 13-мартындагы №01-12/1175 катынын, шаардык Кеңештин финансы, экономика, бюджет, салык, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 15-мартындагы протоколунун, 2025-жылдын 25-мартындагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын 2025-жылга бюджетинин киреше жагына, “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан шаарга стадиондун курулушу үчүн” бөлүнгөн 1 000 000 000 (бир миллиард) сом кошумча каражатты, Баткен шаарынын курулуш куруу бөлүмүнө чегерилсин.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |