Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №81
Кѳл-Тѳр айылындагы “Кара-Кѳл” участкасында ѳздѳштүрүп алынган мамлекеттик акт №2-04-03-00-008-3 0,45 га жер аянтын ѳз ыктыяры менен социалдык муктаждык үчүн ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Тѳлѳгѳнов Кубанычбектен кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кѳл-Тѳр айылындагы “Кара-Кѳл” участкасында ѳздѳштүрүп алынган мамлекеттик акт №2-04-03-00-008-3 0,45 га жер аянтын ѳз ыктыяры менен социалдык муктаждык үчүн ѳткѳрүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов