Редакцияот 13.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

 

 

 

2025-жылдын 21-майы  №83                                                                        

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө

    Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын,Ак-Терек айыл аймагынын Көл-Төрайылындагы “Кара-Көл”участкасынан №12 контрундагыжайгашкан 3,0 га  жер аянтына парк салуубоюнча, жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

                                                                     

1.  Ак-Терек айыл аймагынын Көл-Төрайылындагы “Кара-Көл”участкасынан код №12 контурундагыжайгашкан 3,00 га  жер аянтын“Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча  Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомду  аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы                                     Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

1.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары                                                                      А.А. Мамбетов