Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз VI-сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 32
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII--чакырылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Айыл өкмөтүнүн эшик алды салыгы 1 сотых жерге 10 (он) сомдон, өз ара ар бир түтүнгө 100 (жүз) сом болуп бекитилсин.
2.Айыл аймагынын башкы планында бар кызыл китебинде көрсөтүлгөн жер аянтынан сырткары пайдаланып жүргөн жерине, айыл өкмөтүнүн ашыкча кашаага болгон салыгы 1 сотых жерге 25 (жыйырма беш) сомдон бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мусаев Бекболотко жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |