Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезексиз VI-сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 33
Чомо баатыр атындагы № 17 орто жалпы билим берүү мектебине караштуу жеринен күрөш зал куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Чомо баатыр атындагы №17 орто жалпы билим берүү мектебине караштуу жеринен күрөш зал куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Чомо баатыр атындагы № 17 орто жалпы билим берүү мектебине караштуу жеринен күрөш зал куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Курманбеков |