Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июлу № 7/7
«Кара-Суу шаарындагы оор
жγк ташуучу авто унааларга
уруксаат берγγ жѳнγндѳ»
Кара-Суу шаарындагы оор жγк ташуучу авто унаа айдоочуларга шаар ичинде оор жγк ташуучу авто унаалары чиркегич (прицеп) менен кирип чыгууга уруксаат берγγ максатында Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарындагы оор жγк ташуучу авто унаа айдоочуларга шаар ичинде оор жγк ташуучу авто унаалары чиркегич (прицеп) менен кирип чыгууга райондук ички иштер бѳлγмγнγн жол кыймылы коопсуздук бѳлγмчѳсγнѳн керектγγ документтеринин негизинде акысыз (бекер) уруксаат кагазын берγγ суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кара-Суу шаардык кеңешинин ѳнѳр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Р.Х. Хатамов |