Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №86
Ак-Терек айыл аймагынын Ала-Баш айылынын М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жер аянтынын ичине бала бакча салына тургандыгына байланыштуу, эскилиги жетип калган балдар тамактануучу жайды жаӊы мектеп бүткѳндѳн бузуу жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Ала-Баш айылынын М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жер аянтынын ичине бала бакча салына тургандыгына байланыштуу, эскилиги жетип калган балдар тамактануучу жайды жаӊы мектеп бүткѳндѳн кийин бузууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов