Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №87
Дөӊ-Талаа айылындагы “Гараж жана Эгин кампа” участкасынын, жалпы аянты 5,0 га жер аянтын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын Дөӊ-Талаа айылынын тургуну Бозгунчиев Урматтын арызынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөӊ-Талаа айылындагы “Гараж жана Эгин кампа” участкасынын, жалпы аянты 5,0 га жер аянтын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансына алуугамакулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов