Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №88
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну Мамакеева
Жамиля кѳп жылдардан бери урунуп жүргѳн жер тилкесин мыйзамдаштырууга уруксат берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну Мамакеева Жамилянын арызынын негизинде, Тогуз-Булак айылындагы, Мамбеталиев атындагы кѳчѳсүндѳ жайгашкан турак жай салынып турган жер аянты 2003-жылы каттоодон ѳтпѳй калгандыктан уруксат берүүбоюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну Мамакеева Жамилянын арызынын негизинде, Тогуз-Булак айылындагы, Мамбеталиев атындагы кѳчѳсүндѳ жайгашкан турак жай салынып турган жер аянты 2003-жылы каттоодон ѳтпѳй калгандыктан токтом чыгарып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов