Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №89
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынан Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак Пансионат участкасында жайгашкан 2,4 га жер тилекси 2 кыймылсыз мүлккѳ бѳлүнүп, каттоодо турган 2-04-02-00072119 17172,6 м2 жана 2-04-02-0007-2120 5907 м2, 2119 170га, 2120 59,07 жер аянттарын муниципалдык менчике кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынан тиешелүү Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак Пансионатын Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасына алуу жөнүндө Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичдин билдирүүсүнүн негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынан Ак-Терек айыл аймагынын Бар-Булак Пансионат участкасында жайгашкан 2,4 га жер тилекси 2 кыймылсыз мүлккѳ бѳлүнүп, каттоодо турган 2-04-02-00072119 17172,6 м2 жана 2-04-02-0007-2120 5907 м2, 2119 170га, 2120 59,07 жер аянттарын муниципалдык менчике кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов