Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-майы №90
2025-жылга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине айылдардын генералдык планы үчүн республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн 5220,3 миӊ сом акча каражаты жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын бюджетине республикалык бюджеттен айылдардын генералдык планы үчүн келип түшкѳн 5220,3 миӊ сом акча каражатыбоюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен айылдардын генералдык планы үчүн бѳлүнгѳн 5220,3 миӊ сом акча каражаты аппараттын 2215 беренесине каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.А. Мамбетов