Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2025-жылынын 29-майы №4
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен берилген
телевизорду кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.04.2025-жылдагы чыг.№01-18/2545 сандуу катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен акысыз негизде берилген 40 (кырк) даана телевизорду Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктөрдү кабыл алууда мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Турдубеков О.Т.