Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2025-жылынын 29-майы №6
«Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багындагы
мүлктөрдү бузууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.05.2025-жылдагы №01-18/3143 катты жана ага тиркелген иш кагаздарды Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 7.05.2019-жылдагы VIII чакырылышынын XV сессиясынын №10-токтомунун 1-тиркемесиндеги 1-пунктундагы «Э.Мурзабеков-туп №1 насостук станция-1550,50 чарчы метр деген сөздөр 790,50 чарчы метр» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы төмөндөгү жеке менчик жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
· Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №178 дарегинде жайгашкан Б.Таштемировго таандык (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1557) жалпы аянты 1041,50 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин;
· Жалал-Абад шаарынын Фрунзе көчөсүнүн №27в дарегинде жайгашкан К.Исмановго таандык (идентификациялык номери 3-10-03-0011-1401) жалпы аянты 1357,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин;
· Жалал-Абад шаарынын Мичурин көчөсүндө жайгашкан М.Бегимкуловго таандык (идентификациялык номери 3-10-03-0011-1434) жалпы аянты 600,0 чарчы метр жана Э.Бегимкуловго таандык (идентификациялык номери 3-10-03-0011-1434) жалпы аянты 300,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкелерин;
· Жалал-Абад шаарынын (мурдагы Москва) Д.Малашев көчөсүнүн №59 дарегинде жайгашкан М.А.Арапбаевге таандык (идентификациялык номери 3-10-01-0017-0708) жалпы аянты 8772,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин;
· Жалал-Абад шаарынын Кыргыз Республикасы көчөсүнүн №102, №102/2 даректеринде жайгашкан “Аэро” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык (идентификациялык номери 3-10-02-0006-0766) жалпы аянты 2866,6 чарчы метр жана (идентификациялык номери 3-10-02-0006-0756) жалпы аянты 640,4 чарчы метр жеке менчик жер тилкелерин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги төмөндөгү жер тилкелерди алмашуу жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
· Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4а дарегинен бөлүнүп Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 1040,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен Б.Таштемировго;
· Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4а дарегинен бөлүнүп Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 1200,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен К.Исмановго;
· Жалал-Абад шаарынын Э.Мурзабеков-1 туп. №1 дарегинен бөлүнүп Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 500,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен М.Бегимкуловго жана жогорудагы даректен бөлүнүп Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 260,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен Э.Бегимкуловго;
· Жалал-Абад шаарынын О.Кошевой №62а дарегинде жайгашкан Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 8000,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен М.А.Арапбаевге;
· Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4а дарегинен бөлүнүп Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 3000,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен “Аэро” жоопкерчилиги чектелген коомуна.
4. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
| Турдубеков О.Т. |