Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын (мындан ары - Архив кызматы) ишин регламенттейт, ал Кыргыз Республикасынын архив иши жаатында иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Архив кызматы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. Архив кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Архив кызматы юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын Казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Архив кызматынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерден тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Архив кызматынын ишин Министрлик контролдойт.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы";
- расмий тилде: "Архивная служба при Министерстве цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Архив кызматы";
- расмий тилде: "Архивная служба".
7. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105.
2-глава. Архив кызматынын максаты
8. Архив кызматынын максаты болуп Кыргыз Республикасынын архив иши жаатындагы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу саналат.
3-глава. Архив кызматынын милдеттери
9. Архив кызматынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик архивдер системасынын ишин уюштуруу жана координациялоо, алардын ишин контролдоо;
2) иш кагаздарын жүргүзүү жана архивдик документтер менен иштөө маселелери боюнча мамлекеттик архивдердин менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
3) жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоону камсыздоо;
4) Кыргыз Республикасында архив ишин тармактык жана тармактар аралык башкаруу.
4-глава. Архив кызматынын функциялары
10. Архив кызматы максатына жана ага жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана өнүктүрүү стратегиясы, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык ресурстарды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликтин кароосуна киргизет;
- өз компетенциясынын алкагында эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууга катышат, эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен иштешүүдө пайдалануу үчүн милдеттүү болгон архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу маселелери боюнча типтүү ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгат;
- архив ишин өнүктүрүүнүн максаттуу программаларын иштеп чыгат;
- архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар тарабынан иштелип чыгуучу методикалык документтерге макулдук берет;
- мамлекеттик архивдерде Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу тартибин белгилейт;
- сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен документтердин тармактык тизмектерин бекитет;
- мамлекеттик жана ведомстволук архивдердин кызматкерлерин даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, даттанууларын, арыздарын жана сунуштарын карайт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Архив кызматынын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин алардын сакталган жерине жана менчигинин түрүнө карабастан борборлоштурулган мамлекеттик эсепке алат;
2) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- архив жүргүзүү, документ менен иштөө, археография жаатындагы илимий-изилдөө жана методикалык ишти жүргүзөт жана координациялайт;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар кайра уюшулганда жана жоюлганда архивдик документтерди сактоо шарттары жана жери жөнүндө корутундуларды берет;
- мамлекеттик жана ведомстволук архивдерде сакталууга тийиш болгон документтердин жана мамлекеттик архивдердин комплекттөө булактары болгон уюмдардын курамын аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарга, мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, пайдаланууну камсыздоодо жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштурууда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- архивдик документтердин сакталышын жана мамлекеттик эсепке алынышын камсыздоо боюнча талаптарды аныктайт;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерине "өзгөчө баалуу" жана "уникалдуу" статусун берүү боюнча иштерди уюштурат;
- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен көрсөтүүнү камсыздайт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздугун камсыздоого катышат;
- мамлекеттик архивдерди мамлекеттик маанидеги документтер менен комплекттөөнү камсыздайт;
- архивдик документтерге, анын ичинде жеке менчикке тиешелүү документтерге экспертиза жүргүзүүнү камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын жана ведомстволук архивдердин ишин өркүндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде иш кагаздарын жүргүзүү абалын жана ведомстволук архивдердин ишин кароону өткөрөт;
- мамлекеттик архивдерде сакталуучу ретроспективдүү документтик маалыматты берүүнү камсыз кылат;
- ретроспективдүү документтик маалыматка коомчулуктун муктаждыгын жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун изилдөө боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин жарыялайт, архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча илимий, илимий-популярдуу, илимий-методикалык, маалымдама адабиятты, маалыматтык материалдарды басып чыгарат;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк архивдик мекемелердин иш тажрыйбасын үйрөнөт, жалпылайт жана жайылтат, илимий-практикалык конференцияларды, кеңешмелерди, семинарларды өткөрөт.
11. Архив кызматы өзүнүн компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды аткарат.