Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңеши
XXXI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жыл 9-июнь № 31/13-2
Чолпон-Ата шаарынын Санаторский № 10 көчөсүнүн Мамлекеттик банкка тишелүү болгон жер тилкелерин жана мүлкүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” мыйзамынын 19-беренеси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамдарынын негизинде Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 9-июнундагы №01-8/1199 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарындагы Санаторский көчөсүнүн №10 идентификациялык(2-03-05-0001-6317) коду 4920,0м2 жер тилкесин жана идентификациялык(2-03-05-0001-6318) коду 1080,0м2 жер тилкесинде жайгашкан баардык мүлкүн Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровго:
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын кортундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага Э.Молдобеков