Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы
2025-жылдын 16-апрелиндеги № 6/3
Ала-Буга айыл аймагынын “Шырдакбек 2003 СПА” Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”№ 207токтомунун негизинде, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө токтомунун негизинде 2025-жылдын 16-апрелинен баштап Ала-буга айыл аймагына караштуу “Шырдакбек-2003” суу пайдалануучулар ассоциациясы өз ишмердүүлүгүн токтотуп, белгиленген мөөнөтүнөн баштап Ак-Талаа суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |