Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңеши
XXXIчакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жыл 27-май № 31/12-3
Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган спорттук иш-чараларга, анын ичинде спорттук уюмдар үчүн окуу-машыгуу жыйындарына жана жылдын мыктыларына бөлүнгөн каражаттарды чыгымдоонун эрежелеринин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт” жөнүндө мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамынын негизинде Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 19-майындагы №01-7/1032 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк,укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2023-жылдын 7-июлундагы №30/25-4 Токтому күчүн жоготуу деп таанылсын.
2. Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган спорттук иш-чараларга, анын ичинде спорттук уюмдар үчүн окуу-машыгуу жыйындарына жана жылдын мыктыларына бөлүнгөн каражаттарды чыгымдоонун эрежелеринин Жобосу бекитилсин. (тиркелет)
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков