Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңеши
XXXI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жыл 27-май № 31/12-8
Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 01-18/84 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосу жөнүндө буйругуна ылайык, Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 19-майындагы №01-8/1027 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобосу бекитилсин. (тиркелет)
2. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков