Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңеши
XXXI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2025-жыл 27-май № 31/12-9
Чолпон-Ата шаарына караштуу Бостери айылындагы «Кессеӊир» №1438 контурунун участкасында жайгашкан 0,25 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргоонун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамына ылайык, Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 14-майындагы №01-8/1001 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-майындагы отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарына караштуу Бостери айылындагы «Кессеӊир» №1438 контурунун участкасында жайгашкан 0,25 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргоонун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровго:
- Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын кортундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков