Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы
2025-жылдын 16-апрелиндеги № 6/2
Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылында жайгашкан мурдагы кампанын,гараждын жер аянты боюнча Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн элдик жыйындын 2002-жыл 3-майдагы №4 токтомуна ѳзгѳртүү толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылында жайгашкан мурдагы кампанын, гараждын жер аянты боюнча Коңорчок айыл ѳкмѳтүнүн элдик жыйындын 2002-жыл 3-майдагы №4 токтомуна, 2025-жылдын 27-мартындагы №12 Чолок-Кайың айылынын элдик жыйындын протоколунун негизинде ѳзгѳртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2.Чолок-Кайың айылындагы кампа жер аянты,гараж жер аянты,тараза жер аянты, ветклиника жер аянты, метеостанция жер аянты менен багыты ѳзгѳртүлүп, муниципалдык менчикке калтырылсын.
3.Тиешелүү мамлекеттик актыларды алуу боюнча жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ак-Талаа райондук бѳлүмүнѳн суралсын.
4.Токтомдун аткарылышы Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |