Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы
2025-жылдын 16-апрелиндеги № 6/4
Ала-Буга айыл аймагындагы Коңорчок айылынын Сейдакмат көчөсү №83, №85 үйлөрдүн ортосунда бош жерди, аталган айылдын тургуну Таалайбеков Молдоакматка турак жай салуу үчүн берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы Сейдакмат көчөсү №83 №85 үйлөрүнүн ортосундагы жерди Коңорчок айылынын тургуну, турак жай салууга жер үчүн кезекте турган, Таалайбеков Молдоакматка жалпы аянты 18 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2.Тиешелүү документтерин алуу жагы Ак-Талаа районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |