Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2025-жылынын 29-майы №6
«Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багындагы
мүлктөрдү бузууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.05.2025-жылдагы №01-18/3143 катты жана ага тиркелген иш кагаздарды Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында жайгашкан эскилиги жеткен жалпы аянты 50,75 чарчы метр муниципалдык менчиктеги кароолкананы, аянты 76,5 чарчы метр милиция бөлүмүнүн имаратын жана милиция бөлүмүнө жанаша жайгашкан 54 чарчы метр бөлмөнү жана 2 аттракционду бузууга макулдук берилсин.
2. Эскилиги жеткен имараттарды жана аттракциондорду бузууда коопсуздукту сактоошарты менен жана мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
| Турдубеков О.Т. |