Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2025-жылынын 29-майы №7
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 26.02.2025-ж. кезексиз VI сессиясынын №1-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.05.2025-жылдагы чыг.№01-18/3130 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 28.05.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 26.02.2025-жылдагы кезексиз VI сессиясынын №6-токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Б.Эркинбаев көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан (индентификациялык номери 3-10-02-0005-1695) муниципалдык 3969,50 чарчы метр жер тилкесинин 2500,0 чарчы метр бөлүгүн Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматтык имаратын куруу үчүн жана 1469,50 чарчы метр бөлүгүн Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына кызматтык имаратын куруу үчүн жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерин өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
| Турдубеков О.Т. |