Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги IX сессиясынын
2025-жылынын 29-майы №8
«Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү
муниципалдык жер тилкеси жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.05.2025-жылдагы чыг.№01-18/3130 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 28.05.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 29.12.2021-жылдагы кезексиз XII сессиясынын №1-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсү №135а дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0022-0048) жалпы аянты 2158,00 чарчы метр жер тилкесине көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берилсин.
3. Курулган көп кабаттуу турак жайдан муниципалдык менчикке берилүүчү имараттын аукционго берилүүчү баштапкы пайыздык ченеми 18% менен бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Көп батирлүү үйдү эксплуатацияга бергенде Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалына мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |