Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VI cессиясы
2025-жылдын 16-апрелиндеги № 6/8
Ала-Буга айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу боюнча жобосун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу боюнча жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2.Кабыл алынган жобону негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын 2025-жылдын “16”-апрелиндеги №6/8 токтомуна № 1 тиркеме
Ала-Буга айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча
Жалпы жобо
1. «Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо ардактуу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2 Наам берилчү жаран айылда жашаган жана сыртта жүргөн айылдын тургундарына тааныш,ошол эле учурда сый- урматка ээ болушу шарт.
1.3 “Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу”наамы атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылык болуп эсептелет.Наам аймактын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак даңкынын өсүшүнө кошкон жетишээрлик салымы үчүн берилет.
1.4 Наам айыл чарба багыттындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жана илимий иштери үчүн жетишкендиктери үчүн, маданиятка кошкон салымы үчүн элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу- сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.5 Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүүлүк жардам), инвестициялык долбоорлорду айыл аймака ишке ашырууда,кайрымдуулук иштерин кеминде 3 жылдан кем эмес кызмат кылган инсандарга,көрсөткөн баатырдыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.6 Наам Ала-Буга айыл аймагынын башчысы райондук кѳрсѳткүчтѳрдѳ жогорку баага ээ болгон аймактын социалдык экономикалык ѳнүүгүсүнѳ кошкон салымы үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштары менен Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулдугу берилет.
1.7 Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.8 Наам өзгөчө шарттарда жана жобонун 1,5- пунктундагы шарттарда гана мезгилсиз берилет. Калган убакта зарылчылдыка жараша каралат.
1.9 Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.
1.10 “Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине “Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси наамды тастыктаган күбөлүк (айылдык Кеңештин мөөрү менен) кошо тапшырылат.
1.11 Наам берүүгө кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат
2.“Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жана тапшыруу тартиби
2.1.Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жузүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар ( айылдык Кеңеш, жаштар уюму, аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б) уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелер), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу.
2.2 Жеке жарандын кайрылуусу жарабайт.
2.4 Кайрылуу айылдык Кеңеш тарабынан сессиядан каралат.
2.5.Сунушталган документтер айылдык Кенештин жооптуу катчысына тапшырылат.
2.6 .Айылдык Кеңештин тиешелуу тармактык комитети талапкердин документтерин кароо менен жалпы жыйынга сунуштайт.Жалпы жыйында депутаттардын чечими менен наамды ыйгаруу чечимин кабыл алышат же артка кайтарышат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл.
Ардактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны
2-1 пунктунда каралган сыйлыкка сунуштоо боюнча чечими
3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт,сыйлыктардын кѳчүрмѳсү,паспорту
3. “Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсинин укуктары жана жоопкерчилиги
3.1.“Ардактуу атуулу” наамынын ээси күбөлүгүн төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3.2.“Ардактуу атуул” наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме-ишканаларда уюмдарда чогулуштарына катышууга укуктуу.
3.3.“Ардактуу атуул” наамынын ээси төш белгисин тагынып күбөлүгүн көрсөтүү менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда сөгүнүүгө,коомдук тартипти бузуусуна тыюу салынат
4.“Ала-Бугаайыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу
4.1.“Ала-Буга айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине сот күнөөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, айылдык Кеңештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2 Жүрүш-туруш нормалары жана кылган иши айылдык деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр- чатак,мушташуу ж.б.у.с) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндө арыз түшкөндө айылдын “Ардактуу атуул” наамынан ажыратуу жагы каралат.
4.3.“Ардактуу атуул” наамын ажыратуу ачык добуш берүү менен аныкталат.Жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси “макул” добуш берсе.
4.4.Наамды ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарылып берүүгө тийиш.
5.Добуш берүү тартиби
5.1.Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2.Бюллетенде наам ыйгарылуучу атуулдун Фамилиясы, Аты, Атасынын аты жана алдына “макул”,”каршы” деп жазылат.
5.3.Эгерде наам алуучулардын саны көп болсо алфавит боюнча жазылат.
5.4.Ар бир талапкерлерге карата чыгарылган чечимдер жалпы жыйынга катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5.Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.