Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №2
« Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык ишканасына субсидия катары бөлүнгөн максаттуу трансфертти чыгымдоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-февралындагы №91-т сандуу тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/1129 сандуу каты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык ишканасына субсидия катары Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 99 380 700,0 (токсон тогуз миллион үч жүз сексен миң жети жүз) сом өлчөмүндө максаттуу трансферт катары бөлүнгөн акча каражатты “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык ишканасы аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине келип түшкөн максаттуу трансфертти Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бекитилген бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү тактоо Жалал-Абад шаарынын финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык ишканасына бөлүнгөн субсидияны иштетүүдө мыйзам талаптарын сактоо жана акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |