Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №3
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын №8-токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 09.04.2025-жылдагы чыг.№01-18/2092 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин IX чакырылышындагы кезектеги XLIV сессиясынын №8-токтомунун 1-пунктундагы №1-тиркемеси жокко чыгарылып, Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жалпы суммасы 47 374 450 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен (өздүк салым) 21 218 038 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен максаттуу пайдалануу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) сунушталсын.
3. Ушул токтомдун №1-тиркемеси менен бекитилген долбоорлорду Жалал-Абад шаарынын Өнүгүү стратегиясына толуктоо катары киргизүүгө макулдук берилсин, аткаруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |