Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 1
Учкун айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Учкун айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2025-жылдын №1-протоколу бекитилсин.
2.Мамырбаев Касымакун Мусулумович Учкун айылдык кеңештин төрагасы жана Андашов Камчыбек Болотбекович орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
Төрага | Э. И. Ыбышов |