Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №4
«Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен техниканы сатууга
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.03.2025-жылдагы чыг.№01-18/1496 сандуу катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Муниципалдык менчиктеги 1963-жылы чыгарылган документинин номери 0003996, ЧТЗ С-100 үлгүсүндөгү эскилиги жеткен ишке жараксыз тракторду аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктөрдү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |