Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №5
« Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен автобустарды жана жүк ташуучу автоунааларды тикелей сатуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 14.03.2025-жылдагы №01-18/1459 сандуу катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин IX чакырылышындагы кезексиз XXXIX сессиясынын №5-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы «Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобаза» ишканасынын пайдалануусундагы 9 (тогуз) даана автобустарды жана «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин пайдалануусундагы 4 (төрт) даана жүк ташуучу автоунааларын тикелей сатууга макулдук берилсин.
3. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |