Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №7
« Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин
“Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.04.2025-жылдагы чыг.№01-18/2149 жана 21.04.2025-жылдагы чыг.№01-18/2411 сандуу каттарды Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 14.04.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын алкагында социалдык көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
· Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсү №51н дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-2181) жалпы аянты 10754,00 чарчы метр;
· Манас көчөсү 144 кварталында жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-6895) жалпы аянты 10740,0 чарчы метр;
· Жеӊи-Жок көчөсү №4а дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0018-5004) жалпы аянты 2133,00 чарчы метр;
· Ю.Абдурахманов көчөсү №7/1 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0017-0722) жалпы аянты 16840,00 чарчы метр;
· З.Жамашев көчөсү №165 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0022-2218) жалпы аянты 17400,00 чарчы метр;
· Ю.Абдурахманов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 45728,0 чарчы метр;
· Ю.Абдурахманов көчөсүнүн №10б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 40348,6 чарчы метр.
2. Жер тилкелерин өткөрүп берүүдө максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |