Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №8
«Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Климаттык иш-аракеттер”
планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жерпгиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-34-беренелерине жана Европа комиссиясы тарабынан каржыланган “Климат жана энергетика боюнча мэрлердин глобалдык келишиминин секретариаттык колдоосу (GCoM)” долбоорун жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.03.2025-жылдагы чыг.№01-18/1273 сандуу катты шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын 2025-2030-жылдарга инфраструктурасынын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында “Климаттык иш-аракеттер планы” бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2025-2030-жылдарга инфрастурктурасын энергетикалык эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында “Климаттык иш-аракеттер” планына ылайык долбоорлорду Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашыруу жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |