Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №10
«Жалал-Абад шаарындагы Курманбек муниципалдык аймактык
башкаруусундагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө»
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Жалал-Абад шаарындагы Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусунан келип түшкөн каттарды шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Бахар-2 көчөсүнүн аталышы Масеитов Эмилбай (лат. Maseitov Emilbay) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Хамза көчөсүнүн аталышы Мойдинов Каюм (лат. Moydinov Kayum) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Дмитровка көчөсүнүн аталышы Мамасабирова Уулкан (лат. Mamasabirova Ulkan) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Ч.Айтматов-15 көчөсүнүн аталышы Эшкожоев Топчалы Ыбраимович (лат. Eshkozhoev Topchaly Ybraimovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
5. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Швейников көчөсүнүн аталышы Бегматов Жаныбек (лат. Begmatov Zhanybek) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
6. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Бахар-1 көчөсүнүн аталышы Арзибаев Эргашбай (лат. Arzibaev Ergashbai) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
7. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Бахар көчөсүнүн аталышы Маматов Сулайман (лат. Mamatov Sulaiman) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
8. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Электрон-11 көчөсүнүн аталышы Темирова Умсун (лат. Temirova Umsun) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
9. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Крылова көчөсүнүн аталышы Куваков Мамадали (лат. Kuvakov Mamadali) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
10. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Электрон-10 көчөсүнүн аталышы Сейтек (лат. Seytek) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
11. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Электрон-9 көчөсүнүн аталышы Ак-Бата (лат. Ak-Bata) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
12. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Электрон-8 көчөсүнүн аталышы Ата-Журт (лат. Ata-Zhurt) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
13. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Рассвет-1 көчөсүнүн аталышы Мусаев Очубек (лат. Musaev Ocubek) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
14. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Клубничная көчөсүнүн аталышы Ала-Тоо (лат. Ala-Too) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
15. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Дачная көчөсүнүн аталышы Жакшылык (лат. Zhakshylyk) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
16. Жалал-Абад шаарынын Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусундагы Курманбек-22 көчөсүнүн аталышы Акушова Манзура (лат. Akushova Manzura) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
17. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
18. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
19. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
20. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |